ШААР КУРУУ ЖАНА АРХИТЕКТУРА МАМЛЕКЕТТИК ДОЛБОРЛОО ИНСТИТУТУ


ГОСУДАРСТВЕННЫЙ ПРОЕКТНЫЙ ИНСТИТУТ ГРАДОСТРОИТЕЛЬСТВА И АРХИТЕКТУРЫ

Устав

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын
10-июлундагы № 385 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун УСТАВЫ

1. Жалпы жоболор

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институту (мындан ары — Институт) өз ишин архитектура жана шаар куруу чөйрөсүндө жүргүзөт.
  2. Институт өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
  3. Институт мамлекеттик органдын уюштуруу-укуктук формасында түзүлүүчү юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган штамптары жана бланктары, өз алдынча балансы, банкта алыш-бериш эсеби болот, өзүнө бекитип берилген мүлктү оперативдүү башкарат. Чарба жүргүзүү укугуна жана өзүн-өзү каржылоого негизделген киреше алып келүүчү ишти жүргүзүү жана ал кирешени Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тескөө укугуна ээ.
  4. Институттун иши министрликтердин жана администрациялык ведомстволордун программаларына жана тематикалык пландарына, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан уюмдар, ишканалар жана жеке жактар менен түзүлгөн чарбалык келишимдердин негизинде жүргүзүлөт.
  5. Институттун юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Москва көчөсү, 172.
  6. Институттун толук расмий аталышы:
    • мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиктин алдындагы Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институту»;
    • расмий тилде: «Государственный проектный институт градостроительства и архитектуры при Государственном агентстве архитектуры, строительства и жилищно-коммунального хозяйства при Правительстве Кыргызской Республики».

2. Институттун ишинин максаты

  1. Институттун ишинин максаты болуп илимий изилдөөлөрдүн негизинде шаарлардын, айылдык калктуу конуштардын жана курорттук-рекреациялык зоналардын, комплекстердин жана ар кандай имараттардын жана курулмалардын башкы пландарынын жана долбоорлоо-пландоо документтеринин долбоорлорун иштеп чыгуу саналат.

3. Институттун милдеттери

  1. Институттун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
    • архитектуранын жана шаар куруунун келечектеги багыттары боюнча илимий изилдөөлөрдү, шаарлардын жана айылдык калктуу конуштардын, ошондой эле курорттук-рекреациялык зоналардын аймактарынын башкы пландарынын долбоорлорун, деталдуу пландоо долбоорлорун жана өнүктүрүү схемаларынын долбоорлорун иштеп чыгууну камсыздоо;
    • архитектуранын жана шаар куруунун келечектеги багыттары боюнча, ошондой эле курорттук-рекреациялык зоналарды өнүктүрүү жаатында топогеодезиялык, инженердик-геологиялык, долбоордук, илимий-изилдөөчү иштерди аткаруу;
    • курорттук ден соолукту чыңдоочу жайлар, туризм жана эс алуу объекттери, жаңы курулуш объекттери үчүн, жарандык турак жай, социалдык-маданий, өнөр жайлык жана айыл чарбалык объекттерди кайра конструкциялоо жана реставрациялоо үчүн долбоорлоо-пландоо документтерин иштеп чыгуу.

4. Институттун функциялары

  1. Институт төмөнкү функцияларды ишке ашырат, алар:
    • шаар куруу документтерин, техникалык регламенттердин, стандарттардын жана башка техникалык документтердин долбоорлорун иштеп чыгуу, ошондой эле архитектуралык-шаар куруу кадастрын, анын ичинде курорттук-рекреациялык зоналарды өнүктүрүү жаатында түзүү, жүргүзүү жана контролдоо;
    • архитектура жана шаар куруу, инженердик тутумдар жаатында илимий-маалыматтык ишти жүргүзүү, жетишкендиктерди илимий-техникалык пропагандалоо;
    • шаарларды, калктуу конуштарды жана курорттук-рекреациялык зоналарды кайра конструкциялоонун теориялык маселелерин иштеп чыгуу;
    • архитектура жана шаар куруу жаатында Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташтыгын өнүктүрүүгө катышуу;
    • калктуу конуштардын жана курорттук-рекреациялык зоналардын башкы пландарын жана деталдуу пландоо долбоорлорун иштеп чыгуу;
    • Институт иштеп чыккан долбоордук документтер боюнча жүргүзүлүүчү курулушка белгиленген тартипте автордук көзөмөл жүргүзүү;
    • архитектура жана шаар куруу жаатындагы илимий жана техникалык жетишкендиктерди курулуштук долбоорлоо, райондук пландоо жана инженердик курулуш аркылуу жарандык турак жай курулушуна киргизүү;
    • эксперименттик долбоорлорду иштеп чыгуу;
    • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка функцияларды ишке ашыруу;
    • ар кандай арналыштагы комплекстердин, өзүнчө имараттардын жана курулмалардын, турак үйлөрдүн жана башка объекттердин долбоорлорун иштеп чыгуу;
    • уруксаттаманын башка субъекттери иштеп чыккан шаар куруу документтерин райондук пландоо долбоорлоруна жана схемаларына, мурда иштелип чыккан шаар куруу документтерине ылайыктыгы боюнча макулдашуу;
    • шаар куруу документтерин иштеп чыгуу боюнча иштөөгө ниети бар лицензиялоо субъекттерине экспертиза жүргүзүү

5. Институттун укуктары

  1. Институт төмөнкүлөргө укуктуу:
    • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле жеке адамдардан жана юридикалык жактардан Институттун компетенциясына кирген милдеттерди аткаруу үчүн зарыл маалыматтарды жана материалдарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
    • өзүнүн атынан соттордо доогер жана/же жооп берүүчү катары чыгууга;
    • Институттун компетенциясына берилген ишке пайдалануу үчүн эл аралык уюмдардын каражаттарын, гранттарын белгиленген тартипте тартууга;
    • иштин толук көлөмүн, айрым этаптарын жана жумуштардын башка түрлөрүнүн бөлүмдөрүн аткарууга өз алдынча подряддык жана субподряддык келишимдерди түзүүгө;
    • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, өз ара пайда жана тең укуктуулук принциптеринде өзүнүн өндүрүштүк-экономикалык ишин жүргүзүүгө;
    • Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында окуу сабактарынын багытына ылайык келген кафедралардын филиалдарын уюштурууга;
    • Институт негизги аткаруучу катары аныкталган эмгектик макулдашуулар боюнча айрым иштерди аткаруу үчүн убактылуу чыгармачыл жамааттарды түзүүгө же эмгектик макулдашуулар боюнча адистерди ишке тартууга;
    • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине (мындан ары — Мамкурулуш) макулдашуу боюнча Институттун түзүмдүк бөлүнүштөрүн, филиалдарын, борборлорун түзүүгө.

6. Институттун ишин уюштуруу

  1. Институтту Мамкурулуштун директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор башкарат.
  2. Директордун орун басары болот. Директордун орун басары Институттун директорунун сунушу боюнча Мамкурулуштун директору тарабынан кызматка дайындалат. Директор жок учурда анын милдеттерин орун басары аткарат.
  3. Директор:
    • Институттун ишине жалпы жетекчилик кылат жана милдеттер менен функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
    • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Институттун кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
    • айрым иштерди аткаруу үчүн эмгектик келишимдерди, макулдашууларды түзөт;
    • өзүнүн компетенциясынын чегинде Институттун бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон тескемелерди, буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышына текшерүүнү уюштурат, ушул Уставда белгиленген функцияларды ишке ашыруу үчүн керектүү документтерге кол коет;
    • Институттун атынан ишеним катсыз иштейт, республиканын бардык уюмдарында жана мамлекеттик органдарында Институттун кызыкчылыгынын атынан чыгат, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коет;
    • мүлктү жана финансылык каражаттарды башкаруу боюнча чечимдерди чыгарат жана финансылык-чарбалык иштер үчүн толук жоопкерчилик тартат.
  4. Институтта маанилүү иштеп чыгууларды жана изилдөөлөрдү, долбоорлорду, архитектуралык, инженердик жана экономикалык маселелерди кароо үчүн кеңешүүчү орган катары Институттун жана башка уюмдардын квалификациялуу адистеринен турган архитектуралык-шаар куруу кеңеши түзүлөт.
  5. Архитектуралык-шаар куруу кеңешин Институттун директорунун орун басары жетектейт.

    Кеңештин курамын Мамкурулуш менен макулдашуу боюнча директор бекитет.

7. Институттун мүлкү жана финансысы

  1. Институттун мүлкүy негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттар, ошондой эле ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилген жана Институттун балансында көрсөтүлгөн материалдык баалуулуктар түзөт.
  2. Институттун негизги фонддорун, жүгүртүүдөгү каражаттарын жана пайдалануудагы мүлкүн алып коюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
  3. Институттун мүлкүн куроонун булактары төмөнкүлөр:
    • Институтка уюштуруучу өткөрүп берген мүлк жана каражаттар;
    • өндүрүштүк-чарбалык иштен алынуучу кирешелер;
    • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка кирешелер.
  4. Институттун иши республикалык бюджеттин каражаттарынан жана бюджеттен тышкаркы түшүүчү каражаттардан (демөөрчүлүк жардам, гранттар, юридикалык жактардын жана жеке адамдардын ыктыярдуу кошумчалары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка кирешелер) каржыланат.

8. Өзгөртүп түзүү жана жоюу

  1. Институтту өзгөртүп түзүү же жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
  2. Институттун ишинин процессинде пайда болгон документтер ал жоюлган учурда «Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.