Жарандык курулуш объектилерин долбоорлоо боюнча Өнөркана. Tел.31-78-86
Өнөркананын жетекчиси | Туменбаев Садыкбек Турдубекович |
Жетектөөчү адис | Сулайманов Асан Ибраимович |
Башкы адис ДБА ГАП | Афонин Юрий Юрьевич |
Адис | Садырбек уулу Алишер |
Адис | Сметанина Ирина Геннадьевна |
Адис | Шеллер Ольга Антоновна |
Өнөркана иштери:
- Коомдук, турак жай жана өндүрүш объектилеринин имараттарынын жана курулмаларынын курулушун, жарандык курулуш объектилеринин жеке долбоорлорун, көп кабаттуу турак үйлөрдүн, курорттук-рекреациялык аймактардын, мектептердин, бала бакчалардын, кафе, магазиндердин курулушун долбоорлойт;
- Реконструкциялоо, курулуш объектилерине өзгөртүүлордүүкиргизүүнү долбоорлойт;
- Шаарлардын, айылдардын, айрым аймактардын, эс алуу чөлкөмдөрүн, аймактарды куруунун, кварталдардын башкы пландарын иштеп чыгууга катышат, курулуштардын эскиздик долбоорун аткарат, ошондой эле эксперименталдык долбоорлорду иштеп чыгышат;
Иштелип чыккан объектилер
150 окуучу орунга ылайыкталган жалпы билим берүүчү мектептин долбоору Мамкурулуштун Турак жай-жарандык курулуш департаметинин типтүү долбоорунун техникалык имаратынын негизинде комплекстүү конструкциясында.
Имараттын жоопкерчилик классы II
Узакка туруктуулук классы II
Өрткө туруктуулук классы II
Долбоор 3 климаттык районго ылайыкталган, абанын сырткы температурасы- 19 градус жана сейсмикалык туруктуулугу 8 жана 9 балл. Жылуулуктехникалык эсеп 23-01:2013 КЧжЭ ылайык Бишкек шаарынын температуралык-нымдуулук режиминин маалыматы боюнча аткарылган.
Шамалдын басымдуулугу -480Па (48кгс/м2).
Кардын калыңдык салмагы- 700Па (70кгс/м2).
Геологиялык шарттар – жер кыртышынын чөгүү денгээли I типте. Имарат канализация (септик), муздак жана ысык суу, жылуулук, желдетүүчү каражаттар менен, электр, коргоо-өрт ишараттары, телефон, телевидение менен жабдылат
500 окуучу орундуу жалпы билим берүү мектеби
500 окуучу орунга ылайыкталган жалпы билим берүүчү мектептин долбоору Мамкурулуштун Турак жай-жарандык курулуш департаметинин типтүү долбоорунун техникалык имаратынын негизинде комплекстүү конструкциясында.
Имараттын жоопкерчилик классы II
Узакка туруктуулук классы II
Өрткө туруктуулук классы II
Долбоор 3 климаттык районго ылайыкталган, абанын сырткы температурасы- 19 градус жана сейсмикалык туруктуулугу 8 жана 9 балл. Жылуулуктехникалык эсеп 23-01:2013 КЧжЭ ылайык Бишкек шаарынын температуралык-нымдуулук режиминин маалыматы боюнча аткарылган.
Шамалдын басымдуулугу -330Па (33кгс/м2).
Кардын калыңдык салмагы 700Па (70кгс/м2).