ШААР КУРУУ ЖАНА АРХИТЕКТУРА МАМЛЕКЕТТИК ДОЛБОРЛОО ИНСТИТУТУ


ГОСУДАРСТВЕННЫЙ ПРОЕКТНЫЙ ИНСТИТУТ ГРАДОСТРОИТЕЛЬСТВА И АРХИТЕКТУРЫ

Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун жаңы жетекчилиги дайындалды

Бүгүн Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев жана анын орун басары Максатбек Молдомырзаев Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун жамаатына жаңы жетекчини жана анын орун басары тааныштырды.

Кангельдиева Замира Абдыкалиевна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин караштуу Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка 2023-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Кангельдиева Замира Абдыкалиевна көп жылдык тажрыйбасы бар архитектор, буга чейин «Бишкекбашкыархитектура» МИнин жетекчисинин орун басары кызматын аркалап келген.

Ал эми, Бапышов Данияр Нуруясович 2023-жылдын 28-декабрынан баштап Мамкурулуштун караштуу Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун директорунун орун басары кызмат ордуна дайындалды.

Бапышов Данияр Нуруясович буга чейин «Бишкекбашкыархитектура» МИнин жетекчисинин орун басары кызматын аркалап келген.

Тиешелүү буйрукка 2023-жылдын 28-декабрында Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев кол койду.