ШААР КУРУУ ЖАНА АРХИТЕКТУРА МАМЛЕКЕТТИК ДОЛБОРЛОО ИНСТИТУТУ


ГОСУДАРСТВЕННЫЙ ПРОЕКТНЫЙ ИНСТИТУТ ГРАДОСТРОИТЕЛЬСТВА И АРХИТЕКТУРЫ

Жайыл райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгында Шара куруу кеңеши / В Жайылском районном управлении по градостроительству архитектуре государственного агентства архитектуры, и строительства жилищно-коммунального хозяйства при правительстве КР состоялся градостроительный совет

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Жайыл райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгында Шара куруу кеңеши болуп өттү.

Мамлекеттик долбоорлоо институтунун адистери — №4 өнөркананын башчысы Дастан Ураанов жана №1 өнөркананын жетектөөчү адиси Аскар Абдумаликов баяндамалар чыгышты. Тактап айтканда, Дастан тапшырыкчылар тарабынан менчик аймакта “5 кабаттуу көп квартиралуу турак үйдү” жайгаштыруу пландаштырылып жаткандыгын айтты. Аймак Кара-Балта шаарынын түштүк бөлүгүндө жайгашкан, К.Маркс көчөсү, Тынчтык проспекти, Ленин жана Бейшеналиев көчөлөрү менен чектешкен.

Курулуш долбоору менен иштелип чыккан курулуш долбоорлору менен байланыштырылган соцмаданий-тиричилик объектилери, 200 орундуу балдар бакчасы менен 5 кабаттуу турак үйлөрдү жайгаштыруу сунушталат. Ошондой эле, курулуш менен адамдардын жайлуу жашоосу үчүн зарыл болгон шарттар: балдардын жана спорт аянтчалары, эс алуу аянттары, коноктор үчүн авто унаа токтотмо жайлары каралган.

Баяндамачылар бул 5 кабаттуу көп квартиралуу турак үйдү курууда бардык курулуш ченемдерин сактоо зарылдыгын, ошондой эле ушул кварталды куруу долбоорун коомдук талкууга коюу керектигин белгилешти.

Шаар куруу кеңеши талкуулап жана пикир алмашып: бул сунушту негиз катары кабыл алууну жана жалпысынан андан ары иштеп чыгуу үчүн жактырууну чечти.

Жетектөөчү архитектор Аскар Абдумаликов Малтабар айылынын башкы планы боюнча берилген бардык материалдарды кыскача баяндап берди.

Бул долбоор жергиликтүү кеңеш тарабынан жактырылып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу кызматтары менен макулдашуу үчүн тапшырылган.

Шаар куруу кеңеши: Малтабар айылынын башкы планын белгиленген тартипте макулдашууну чечти.


В Жайылском районном управлении по градостроительству архитектуре государственного агентства архитектуры, и строительства жилищно-коммунального хозяйства при правительстве КР состоялся градостроительный совет.

Специалисты из Государственного проектного института Дастан Ураанов-заведующий мастерской 4 и Аскар Абдумаликов-ведущий специалист мастерской 1 выступии с докладами. В частности Дастан рассказал о том что, заказчиками планируется размещение «5-ти этажного многоквартирного жилого дома» на собственной территории. Территория расположена в южной части города Кара-Балта, ограниченна улицами К.Маркса, Мира, Ленина и Бейшеналиева.

Проектом застройки предлагается размещение 5-этажных жилых домов с объектами соцкультбыта, объекты СКБ и детский сад на 200 мест в увязке с разработанными проектами застройки. Также застройкой предусмотрены все необходимые для комфортного проживания людей: детские и спортивные площадки, площадки отдыха, гостевые авто парковки.

Выступающие отметили, что необходимо соблюдать все строительные нормы при строительстве данного 5-этажного многоквартирного жилого дома, так же выставить на общественное обсуждение проекта застройки данного квартала.

Обсудив и обменявшись мнениями Градостроительный совет решил: принять за основу данное предложение и одобрить в целом для дальнейшей разработки.

Ведущий архитектор Аскар Абдумаликов дал в краткий обзор всего представленного материала по генеральному плану села Малтабар. Этот проект уже был одобрен местным кенешом и сдан для согласования со службами местного самоуправления.

Градостроительный совет решил: Согласовать ГП село Малтабар в установленном порядке.