ШААР КУРУУ ЖАНА АРХИТЕКТУРА МАМЛЕКЕТТИК ДОЛБОРЛОО ИНСТИТУТУ


ГОСУДАРСТВЕННЫЙ ПРОЕКТНЫЙ ИНСТИТУТ ГРАДОСТРОИТЕЛЬСТВА И АРХИТЕКТУРЫ

Ош шаарынын борбордук аймагын деталдуу пландаштыруу долбоору (ДПД) / Проект детальной планировки центральной территории города Ош

Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун башкы адистери К.Мураталиев, Марина Кутателадзе жана №1-өнөркананын архитекторлору Уркалиев жана Акылбеков Ош шаарында «Ош шаарынын борбордук аймагынын ДПДсы» менен тааныштырышты.

Жолугушууда ДПДнын ар бир бөлүмүнө сын-пикирлер, сунуштар жана долбоорлонуп жаткан аймакты пландаштыруу талкууланды.

Бул жолу Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун өкүлдөрү Ош шаарынын вице-мэри Ж.Азимовдун, Ош шаарынын мэриясынын кызыкдар кызматтарынын катышуусунда шаардык комиссиянын кароосуна долбоордук материалдарды көрсөтүштү.

Белгилей кетсек, бул жумушчу комиссиянын мурда кабыл алынган протоколдук чечимдеринде көрсөтүлгөн сын-пикирлер жана сунуштар деталдуу каралган биринчи жолугушуу эмес. Азыркы учурга чейин, Ош шаарынын борбордук аймагынын ДПДсынын долбоорун кароо боюнча Ош шаарынын мэриясынын жумушчу комиссиясынын 28 отуруму болуп өттү.

Бет ачардын аягында, коомдук угууларды өткөрүү үчүн материалдарды даярдоо маселелери талкууланды. Коомдук угуулардын жол-жоболорун өткөрүү башталганга чейин, жумушчу комиссиянын мүчөлөрү долбоордун бекитилген материалдары менен толук таанышуу жана акыркы чечимди кабыл алуу үчүн материалдарды он күндүк мөөнөттө кароо чечимин чыгарышты.

Главные специалисты Государственного проектного института градостроительства и архитектуры Мураталиев К, Марина Кутателадзе, и архитекторы мастерской №1 Уркалиев и Акылбеков представили «ПДП центральной территории г.Ош» в городе Ош.

На встрече обсудили замечания и предложения каждого раздела ПДП и планирования проектируемой территории

На этот раз представители ГПИ градостроительства и архитектуры презентовали проектные материалы на рассмотрение городской комиссии с участием вице-мэра города Ош Азимова Ж. депутатов, специалистов — архитекторов и заинтересованных служб мэрии города Ош.

Стоит отметить, что это уже не первая встреча, на которой были детально рассмотрены замечания и предложения, указанные в ранее принятых протокольных решениях рабочей комиссии. До настоящего времени проходило 28 заседаний рабочей комиссии мэрии г.Ош по рассмотрению проекта ПДП центральной территории г.Ош

По окончании презентации были обсуждены вопросы подготовки материалов для проведения общественных слушаний. До начала проведения процедуры общественных слушаний члены рабочей комиссии вынесли решение рассмотреть материалы в десятидневный срок для полного ознакомления и принятия окончательного решения утверждаемых материалов проекта