ШААР КУРУУ ЖАНА АРХИТЕКТУРА МАМЛЕКЕТТИК ДОЛБОРЛОО ИНСТИТУТУ


ГОСУДАРСТВЕННЫЙ ПРОЕКТНЫЙ ИНСТИТУТ ГРАДОСТРОИТЕЛЬСТВА И АРХИТЕКТУРЫ

Жалал-Абад шаарынын 2040-жылга чейинки генералдык планы даярдалууда

Маалыматка ылайык, күн мурун, 3-декабрда, шаар мэри Эрнисбек Ормоков баштаган тийиштүү жетекчилер, шаардык кеңештин депутаты Наргиза Караева шаардын башкы планын даярдап жаткан Мамлекеттик шаар куруу жана долборлоо институтунун адистери менен жолугушту. Анда шаардын башкы планы боюнча бир топ маселелер талкууланды.

Шаардын башкы планын даярдап жаткан Мамлекеттик шаар куруу жана долборлоо институтунун адистеринин берген маалыматына таянсак, Жалал-Абад шаарынын аянты жанаша жайгашкан айыл аймактардын (Сузак, Барпы, Кызыл-Туу, Таш-Булак, Ырыс) эсебинен 4452 гектардан 7751 гектарга кеңейтилет. Ошондой эле дарядалып жаткан генпланга ылайык, шаарда бийик кабаттуу имараттарды курууга тоскоолдук жаратып келген аэропорт жок болот. Тагыраагы, ал Сузак районунун аймагына көчүрүлөт. Андан сырткары өндүрүштүк аймак, турак жай курууга багытталган аймактар так аныкталат.