ШААР КУРУУ ЖАНА АРХИТЕКТУРА МАМЛЕКЕТТИК ДОЛБОРЛОО ИНСТИТУТУ


ГОСУДАРСТВЕННЫЙ ПРОЕКТНЫЙ ИНСТИТУТ ГРАДОСТРОИТЕЛЬСТВА И АРХИТЕКТУРЫ

Разработка Генеральных планов приграничных населенных пунктов пострадавших в ходе вооруженных конфликтов Баткенской области

Кыргыз Республикасынын Мамкурулушуна караштуу Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун адистери Баткен областындагы куралдуу чыр-чатактардын жүрүшүндө жабыр тарткан чек ара жанындагы калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгууга киришишти.

Азыркы учурда институттун кызматкерлери Баткен районунун Достук, Капчыгай жана Ак-Сай айылдарынын башкы пландарын иштеп чыгууда.

Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун адистери жерине барып, долбоорлонгон участокторду изилдеп, иштин көлөмүн аныкташты, айыл аймагынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана жергиликтүү калк менен жолугушууларды өткөрүштү.

Белгилей кетүүчү нерсе, башкы пландарды иштеп чыгууда бардык компетенттүү пикирлер жана сунуштар эске алынат.

Бүгүнкү күндө, Достук жана Капчыгай айылдары боюнча шаар курууну жөнгө салган белгиленүүчү сызыктардын кеңдиги аныкталды, турак үйлөрдү, мектептерди жана башка зарыл болгон социалдык объекттерди куруу үчүн жаңы аймактар белгиленди.


Специалисты государственного проектного института градостроительства и архитектуры при Госстрое КР приступили к разработке Генеральных планов приграничных населенных пунктов пострадавших в ходе вооруженных конфликтов Баткенской области.

В настоящее время сотрудниками института ведётся разработка Генеральных планов сел Достук, Капчыгай и Ак-Сай Баткенского района.

Специалисты ГПИ выехали на место и обследовали проектируемые участки, определили объем работ, провели встречи с главами айылных округов, органами местного самоуправления и местным населением.

Стоит отметить, что при разработке Генеральных планов учитываются все компетентные мнения и предложения.

На сегодняшний день по селам Достук и Капчыгай определены ширины устанавливаемых линий градостроительного регулирования, новые территории для строительства жилых домов, школ и других социальных объектов первой необходимости.