ШААР КУРУУ ЖАНА АРХИТЕКТУРА МАМЛЕКЕТТИК ДОЛБОРЛОО ИНСТИТУТУ


ГОСУДАРСТВЕННЫЙ ПРОЕКТНЫЙ ИНСТИТУТ ГРАДОСТРОИТЕЛЬСТВА И АРХИТЕКТУРЫ

Ош шаарынын башкы планынын негизинде иштелип чыккан, шаардын борбордук бөлүгүнүн деталдык пландоо долбоору (ПДП)

Ош шаарынын башкы планынын негизинде иштелип чыккан, шаардын борбордук бөлүгүнүн деталдык пландоо долбоору (ПДП) 2 айлык мөөнөткө коомдун талкуусуна коюлуп жатат!

Долбоор боюнча кыскача маалымат.

Иштелип чыккан деталдык пландоо долбоору Ош шаарынын борбордук бөлүгүнүн 3500 гектар аянтын камтыйт, анда шаардын перспективалык кеңейүүсүнүн чек аралары чагылдырылган.
Перспективада калктын саны – 360 800 адамга ылайыкташырылып эсептелген.

3500 гектарды түзгөн борбордук бөлүктүн чек арасы төмөндөгү көчөлөр менен чектешет:

Көкүмбий, Батыш долбоорлонуучу көчө, Курманжан Датка, Касымбеков, И.Раззаков, Авиценна, Ак-Тепе каналы, батыш долбоорлонуучу көчөлөр, Памир, “Ош-Пансионаты”, Увам каналы, Н.Исанов, Ак-Буура дарыясы, Сүйүнбаев, №43 түштүк-батыш көчөсү, А.Мамыров, Б.Осмонов жана батыш долбоорлонуучу көчөлөрү.

Ош шаарынын борбордук бөлүгү 7 турак жай аймактарга бөлүнгөн, алар: “С”, “СЗ”, “СВ”, “ЮЗ”, “В”, “Ю”, “З”.

Ар бир аймактын техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү долбоордун негизги жоболорунда берилген.

Эскертүү: коомдук талкуу 2 айлык мөөнөттө Ош шааарынын мэриясынын, Ош шаардык Кеңешинин жана Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын массалык маалымат каражатарынын сайтында турат.

Эгерде, ПДП менен танышууда сайтта жайгаштырылган материалдар кимдир бирөө үчүн жеткиликтүү болбосо, анда Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын имаратына келип жакындан таанышып алганга мүмкүнчүлүк бар.

Аны менен бирге, ПДП боюнча кандайдыр бир ой-пикирлер жаралып, суроолор болсо тактап алуу үчүн тел.(03222) 5-57-45, 4-85-37 номерлерге байланышсаңыздар болот.

План размещения объектов социально-културного и коммунально-бытавого обслуживания населения, М 1:4000