ШААР КУРУУ ЖАНА АРХИТЕКТУРА МАМЛЕКЕТТИК ДОЛБОРЛОО ИНСТИТУТУ


ГОСУДАРСТВЕННЫЙ ПРОЕКТНЫЙ ИНСТИТУТ ГРАДОСТРОИТЕЛЬСТВА И АРХИТЕКТУРЫ

Жетекчилик

Директор Асаналиев Жыргалбек

Туулган жылы: 03.01.1958 Нарын шаары

Асаналиев Жыргалбек өзүнүн эмгек жолун Фрунзешаардолбоордун 3-Өнөрканасында архитектор болуп иштөө менен баштаган. 1985-жылы 2-Өнөрканага башкы архитектор болуп которулган. 1986-жылы 1-Өнөрканага жетекчи болуп дайындалган.

1989-жылы долбоорлордун башкы архитектору болуп которулган.

1991-жылы №1 Өнөркананын начальниги жана долбоорлордун башкы архитектору болуп дайындалган.

1994-жылы Бишкек башкы архитектурасына долбоордун башкы архитектору болуп дайындалат.1994-жылы КАФ бөлүмүнүн начальниги болуп которулат. 2002-жылы АПШ бөлумүнүн начальниги болуп которулган. 2004-жылы шаар куруу-пландоо бөлүмүнүн начальниги болуп дайындалган.

2018-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агентигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо Институтунун директору болуп дайындалган.

Автордук коллектив менен биргеликте 2025-жылга чейинки Бишкек шаарынын аймагын жана курулуштарын өнүктүрүү боюнча Башкы планды иштеп чыгууга катышкан (Кыргыз шаар куруу жана долбоорлоо илимий-изилдөө институту)- архитекторлор тобунун жетекчиси. Бишкекбашкы архитектура муниципалдык ишканасынын Шаар курууну пландоо бөлүмүндө иштеген убакта бөлүмдүн жамааты менен биргеликте Бишкек шаарынын кырктан ашык курулушунун долбоору иштелип чыккан.

Мамлекеттин көз карандысыздыгынын 50-жылдыгына карата 2040-жылга чейинки Бишкек шаарынын өнүгүү долбоор-концепциясынын модели үчүн Эл аралык сынактын лауриаты- 1 орун.”Бишкек башкы архитектура” муниципалдык ишканасынын ГПО бөлүмүнүн курамында архитектуралык сынактарга катышкан.

Автордук жамааттын курамында Бишкек шаарынын борбордук аймагынын Деталдык пландоонун долбоорун иштеп чыгууда.

Ж.Асаналиев ченемдик-техникалык документтерди, КЧжЭ иштеп чыгуу жана актуалдаштыруу боюнча чыгармачылык топтун жетекчиси болуп саналат.

Шаар куруу, архитектура, экология, айлана чөйрөнү коргоо жаатында өзүнүн тажрыйбасын жана билимин өзү жетектеген жамаат менен бөлүшүп турат. Ал өз ишине чыгармачылык жана жоопкерчилик менен мамиле кылат. Архитектор катары кесиптик денгээли жана тажрыйбасы ага татаал архитектуралык-пландоо долбоорлорду жана уюштуруучулук маселелерди чечүүгө өбөлгө түзөт.

Директордун орун басары Кошбаков Нарзулла Маматкулович

Туулган жылы: 20.01.1961 Ош.обл. Лейлек району

Билими- жогорку

Фрунзе Политехникалык Институту 1984-1989гг.

Факультет- архитектура, Адистиги - архитектор

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик Улуттук университети 2004-2007жж.

Факультет- юриспруденция, Адистиги - юрист

КР Архитекторлор бирикмесинин мүчөсү

Долбоорлордун , китептердин ж.б. автору

Кошбаков Нарзулла Маматкулович өзүнүн эмгек жолун 1978-жылы 10-июлунан Ош областынын Лейлек районунун “Советтик Тажикстан” совхозунда жумушчу болуп иштөө менен баштаган.

08.11.1979-ж.-21.12.1981-ж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

1984-ж.Фрунзе шаарындагы Фрунзе Политехникалык Институтунун 1-курсуна кабыл алынып аны 1989-жылы бүтүргөн.

08.09.1989-ж.Бишкек башкы архитектуранын Кичи архитектуралык формалар бөлүмүнүн архитектору

03.09.1991-ж.-23.01.1992-ж. капиталдык ремонт жана реконструкция бөлүмүнүн II-I категориядагы архитетору

15.09.1992-ж. “капиталдык ремонт жана реконструкция” бөлумүнүн жетектөочү адиси

14.03.1994-ж. Чүй областынын өрт кызматынын инспектору

10.09.1994-ж. “Жаштык” МИ директору

02.07.1996-ж. “Жардам-Хабибат” КСФ жетектөөчү адиси

01.06.1998-ж. “Жардам-Хабибат” КСФ башкы директору

02.06.1998-ж. Бишкекбашкыархитектуранын Ленин районунун башкы архитектору

04.11.2002-ж. Ленин районунун Райондук архитекторлор башкармалыгынын жетектөөчү архитектору, башкы архитектордун орун басары

01.07.2004-ж. Ленин районунун башкы архитектору

23.03.2007-ж. "Жеке курулушту Капиталдык ремонттоо жана реконструкциялоо" башкармалыгынын начальниктин орун басары статусу менен бөлүм башчысы

23.03.2007-ж. Кыргыз ДИИИ шаар курулушу (долбоорлоо Институту, МДИ)

Өзүнүн ишине жоопкерчилик жана чыгармачылык менен мамиле кылат.