ШААР КУРУУ ЖАНА АРХИТЕКТУРА МАМЛЕКЕТТИК ДОЛБОРЛОО ИНСТИТУТУ


ГОСУДАРСТВЕННЫЙ ПРОЕКТНЫЙ ИНСТИТУТ ГРАДОСТРОИТЕЛЬСТВА И АРХИТЕКТУРЫ

Тарых

Кыргыз Республикасыны Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай –коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо Институту алгачкы жолу “ Борбордук илимий-изилдөө жана шаар куруу боюнча долбоорлоо институтунун Фрунзе шаарындагы филиалы” болуп уюшулган.

1992-жылдын 3-январынан Институт Кыргыз Республикасынын Мамкурулушунун 1992-жылдын 3-январындагы №1 буйругу менен “Кыргыз илимий-изилдөө жана шаар куруу боюнча долбоорлоо Институту” (КИИжШКДИ) болуп кайра түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Мамархкурулушинспекциясынын 1993-жылдын 22-январынындагы №4 буйругу менен Институт “Кыргыз илимий-изилдөө жана долбоорлоо Институту” болуп которулган.

1993-жылдын 28-майында Кыргыз илимий-изилдөө жана шаар куруу боюнча долбоорлоо Институтунун №32-к буйругу менен кайра “Кыргыз илимий-изилдөө жана шаар куруу боюнча долбоорлоо Институту” болуп аталган.

2013-жылдын 24-июнунан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун 24.06.2013-ж. № 372 токтому менен “Шаар куруу жана жер титирөөгө туруктуу курулуш мамлекеттик илим-изилдөө долбоорлоо институту” болуп кайра түзүлгөн.

2014-жылдын 5-ноябрынан Институт Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-июлундагы №385 токтому менен “Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо Институту” болуп кайра аталган.