ШААР КУРУУ ЖАНА АРХИТЕКТУРА МАМЛЕКЕТТИК ДОЛБОРЛОО ИНСТИТУТУ

ГОСУДАРСТВЕННЫЙ ПРОЕКТНЫЙ ИНСТИТУТ ГРАДОСТРОИТЕЛЬСТВА И АРХИТЕКТУРЫ

Шаар куруу жана архитектура мамлекетик долбоорлоо Институтунун Техникалык Кеңешинин отуруму. 23-октябрь 2019ж.

Төрага: Жыргалбек Асаналиев- Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо Институтунун директору;

Күн тартибинде каралуучу суроолор:

  1. Таш-Көмүр шаарынын башкы планынын концепциясын кароо.Тапшырык берүүчү: Таш-Көмүр шаарынын мэриясы.

1. Биринчи суроо боюнча Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо Институтунун №4 Өнөрканасынын жетекчиси А.Оролбеков маалымат берди. Ал Таш-Көмүр шаарынын функционалдык-пландоо концепциясын кошуп пландалган чектөөлөрү менен шаардын азыркы абалына токтолду жана маалымат берди.

Суроолор, сунуштар жана толуктоолор менен Ж.Асаналиев, Н.М.Кошбаков, С.Карчин, Р.Асылбеков, Б.Сарымсаков, Р.Асаналиев, Т.Козукеев ж.б. чыгып сүйлөштү.

Чыгып сүйлөгөндөр төмөнкүлөрдү белгилешти:

  • Таш-Көмүр шаарына ишсапарга баруу менен шаардын баштапкы планын (азыркы абалын) толуктоо;
  • шаардын жана айылдардын чек араларын тактоо (калыптанган, долбоорлонгон);
  • жанаша жайгашкан айылдар эмненин негизинде киргизилгендигин тактоо;
  • кенейтилген аймактардын керектөөлөрүн тактоо;
  • туристик өнүгүүгө сереп салуу;
  • Таш-Көмүр шаарынын башкы планынын өнүгүүКонцепциясы боюнча эсептерди негиздөө;

Андан ары белгиленген тартипте кызыктар тараптар менен макулдашуу.

Суроолор талкуулангандан кийики Техникалык Кеңештин чечими: