ШААР КУРУУ ЖАНА АРХИТЕКТУРА МАМЛЕКЕТТИК ДОЛБОРЛОО ИНСТИТУТУ


ГОСУДАРСТВЕННЫЙ ПРОЕКТНЫЙ ИНСТИТУТ ГРАДОСТРОИТЕЛЬСТВА И АРХИТЕКТУРЫ

Шаар куруу жана архитектура мамлекетик долбоорлоо Институтунун Техникалык Кеңешинин отуруму. 18 октябрь 2019 ж

Төрага: Жыргалбек Асаналиев- Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо Институтунун директору;

Күн тартибинде каралуучу суроолор:

  1. Баткен шаарынын башкы планынын концепциясын кароо.Тапшырык берүүчү: Баткен шаарынын мэриясы.
  2. Тапшырык берүүчү: Баткен шаарынын мэриясы.Тапшырык берүүчү: Сүлүктү шаарынын мэриясы.

1. Баткен шаарынын башкы планынын концепциясы боюнча Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик длбоорлоо Институтунун №2 Өнөрканасынын жетекчиси жана долбоордун башкы архитектору К.Төлөбаев маалымат берди. Ал функционалдык-пландоо концепциясын кошуп пландалган чектөөлөрү менен шаардын азыркы абалына токтолду жана маалымат берди. Ошондой эле жакын жайгашкан калктуу конуштардын транспорттук түйүндөрү жөнүндө маселеге токтолду. Негизги Концептуалдык чечим жана долбоордук сунуш катары азыркы учурда иштеп жаткан аэропортту Баткен шаарынын түштүк-чыгыш тарабына көчүрүү болуп саналат. Кароого шаардын башкы планынын концепциясынын 3 варианты сунушталды жана негизги маселе катары төмөнкүлөр аныкталды:

  • шаардын чегин аныктоо жана шаарга жакын жайгашкан чөлкөмдөрдүн чек аралары боюнча;
  • аймактарды функционалдык-пландоону уюштуруу боюнча;
  • жалпы шаардык маанидеги объектилерди жайгаштыруу боюнча;
  • транспорттук тейлөө боюнча ж.б.

Ошондой эле жайгаштыруу системасын жакшыртуу, шаар курууну түзүүчү объектилерди жайгаштыруу, жаны жумушчу орундарды түзүү, Баткен районунун жана Баткен шаарынын туруктуу жана эки тарапка тен пайдалуу өнүгүүсү үчүн өбөлгө түзүү каралган. Баткен облусунун борборунун аймакты пландоо түзүмүнүн байлынышкан сруктрасын, анын чет жагындагы чөлкөмдөрдүн жана жергиликтүү жайгаштыруунун системасын калыптандыруу каралууда.

Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын башкы планынын Концепциясы жана жайгаштыруунун оптималдуу варианттары боюнча Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо Институтунун №2 Өнөрканасынын жетекчиси жана ДБА К.Төлөбаев маалымат берди. Ал шаардын азыркы абалына токтолду. Шаардын чегинен сырткаркы аймактарында курулуш үчүн жер тилкелери жок, калыптанган курулуш объектилери жер көчкү жүрүүчү чөлкөмдө, ошондой эле жер көчкү жана сел жүрүү коркунучундагы жерлерде жайгашкан. Акыркы убактарды жеке курулуш үчүн бөлүнгөн жер тилкелери да ушундай эле жогоруда көрсөтүлгөн жагымсыз шарттарда жайгашкан (курулуп жаткан үйлөр бузулууларга дуушар болгон жана ал үйлөрдө жашоого мүмкүн эмес).

Кароого жана оптималдуу вариантты тандап алуу үчүн, комиссия тарабынан тандалып алынган, жалпы аянты 600 га “Кароол” аймагына шаарды жайгаштыруунун башкы планыны эскизинин үч варианты коюлду.

Суроолор, сунуштар жана толуктоолор менен Ж.Асаналиев, Н.М.Кошбаков, С.Карчин, Р.Асылбеков, ж.б. чыгып сүйлөштү.

Биринчи суроо боюнча чыгып сүйлогөндөр төмөнкүлөрдү белгилешти:— Баткен шаарынын башкы планын концепциянын 2-вариантынын негизинде иштеп чыгуу.

Экинчи суроо боюнча:— Сүлүктү шаарынын башкы планынын концепциясына толуктоолорду киргизүү жана бекитүү. Сүлүктү шаарынын азыркы убактагы абалы боюнча маалыматтар жана иштелип чыккан материалдар менен Сүлүктү шаарын жашоо үчүн ыңгайлуу орунга жайгаштыруу максатында жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө ылайыктуу токтом алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Аппаратына кайрылуу. Тиешелүү токтом алынгандан кийин Сүлүктү шаарынын башкы планын иштеп чыгууну улантуу.

Суроолор талкуулангандан кийин Техникалык Кеңеш чечти:

Баткен шаарынын башкы планын концепциясын 2-вариантынын негизинде иштеп чыгуу.

Сүлүктү шаарынын башкы планынын концепциясына толуктоолорду киргизүү жана бекитүү. Сүлүктү шаарынын азыркы убактагы абалы боюнча маалыматтар жана иштелип чыккан материалдар менен Сүлүктү шаарын жашоо үчүн ыңгайлуу орунга жайгаштыруу максатында жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө ылайыктуу токтом алуу үчун Кыргыз Республикасынын Аппаратына кайрылуу. Тиешелүү токтом алынгандан кийин Сүлүктү шаарынын башкы планын иштеп чыгууну улантуу.