ШААР КУРУУ ЖАНА АРХИТЕКТУРА МАМЛЕКЕТТИК ДОЛБОРЛОО ИНСТИТУТУ


ГОСУДАРСТВЕННЫЙ ПРОЕКТНЫЙ ИНСТИТУТ ГРАДОСТРОИТЕЛЬСТВА И АРХИТЕКТУРЫ

Кичирайондордун, кварталдардын долбоорлорун жана шаар куруу түйүндөрүн долбоорлоо боюнча №5-Өнөркана

Кичирайондордун, кварталдардын жана шаар куруу түйүндөрүнүн курулуштарын

Нарын шаарыны башкы планынын Концепциясын иштеп чыгууда

Өнөркананын жетекчиси Каепкулов Каныбек Аскарбекович
Башкы адис Кульбатыров Джанузак Бейшекович
Жетектөөчү адис Сыдыков Кайратбек Канатбекович
Жетектөөчү адис Ибраимов Бообек Мухамбетанапияевич
Адис Сулайманов Бекболот Сулайманович

Шаарлардын жана калктуу конуштардын башкы пландары- бул республиканын аймактарын өнүктүрүүнүн негизи

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков тарабынан 2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялангандыгынын алкагында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы №490 “2018-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу жөнүндө” токтомун ишке ашыруу максатында бүгүнкү күндө Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо Институту Нарын шаарынын мэриясынын тапшырыгы менен жана Ага Хан Фондунун колдоосу астында Нарын шаарынын башкы планыны Концепциясын (1 этап) иштеп чыкты

2040-жылга чейинки шаар куруу Концепциясы. Биринчи этаптын максаты- Нарын шаарынын узак мөөнөттүү шаар куруу өнүгүүсүнүн багыттарынын жана шаар куруу көйгөйлөрүн чечүүнүн экономикалык эффективдүү жолдорун издөө жана маалымат чогултуу;

Экинчи этап- Нарын шаарынын башкы планы.

Нарын шаары Нарын оңдуңунда, Нарын дарыясынын со жээгинде, Аламышык тоо кыркасынын этегинде жайгашкан.Дениз денгээлинен 2020 м бийиктикте, Балыкчы темир жол станциясынан түштүктө. 1971-жылдан бери административдик бөлүштүрүү боюнча Нарын областынын борбору болуп эскптелет.Нарын шаары жайгашкан аймак Нарын районуна тиешелүү. Нарын областы 5 районго бөлунөт жана 2 шаар бар.

Нарын шаары областын негизги калктуу конушу болуп эсептелет жана Кашкар шаарынан Чүй областына өтүүчү соода жолунда калыптанган пунк катары түптөлгон.

Башкы планды иштеп чыгуучулардын оюу боюнча Нарын шаары “креативдик” эскилер менен толукталган жаны сапаттагы жаны өзгөрүүлөргө жана жаны фискалдык саясатка, өнүккөн урбанизацияга, маалымат-коммуникациялык технологияларга, жаны энергетикага, заманбап жаны технологиялык өндүрүшкө, тарнспорттук-логистикалык кластерге жана адаптацияланган заманбап шарттарга муктаж.

Мындан ары шаар куруунун өнүгүүсү үчүн:

— калган аймактык ресурстарды жана кошумча аймактарды өздөштүрүү.

— аймактык-пландуу уюштуруунун интенсивдүү формаларын ишке ашыруу.

— эконмиканы көтөрүү, “Акылдуу шаар” санариптик технологияны киргизүү

— жаны административдик-башкаруучулук технологияга

— социалдык илимий-инновациялык өзгөрүүлөр (билим берүүнүн, илимий-техниканы жана жаштардын ан-сезиминин жалпы денгээлинин жогорулашын камсыз кылуу)