ШААР КУРУУ ЖАНА АРХИТЕКТУРА МАМЛЕКЕТТИК ДОЛБОРЛОО ИНСТИТУТУ


ГОСУДАРСТВЕННЫЙ ПРОЕКТНЫЙ ИНСТИТУТ ГРАДОСТРОИТЕЛЬСТВА И АРХИТЕКТУРЫ

Айыл калктуу конуштардын башкы пландарын долбоорлоо боюнча №2-Өнөркана

Айыл калктуу конуштардын Башкы пландарын долбоорлоо боюнча Өнөркана. Тел-31-72-70

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17.08.2017 –ж. №490 токтомуна ылайык Башкы пландарды иштеп чыгуу боюнча иштер уюштурулду жана жүргүзүлдү, айыл калктуу конуштарынын башкы пландарын долбоорлоо боюнча №2 Өнөркана тарабынан Башкы пландар иштелип чыкты:

  • Аламудун районунун;
  • Жайыл районунун;
  • Сокулук районунун;
  • Талас районунун;
  • Нарын районунун;
  • Токтогул шаарынын.

Өнөркананын жетекчиси Толобаев Калыс
Башкы адис Искендеров Нурбек Ызаатович
Башкы адис ДБИ Лобова Тамара Викторовна
Жетектөөчү адис Шейшеев Канатбек Турганбаевич
Жетектөөчү адис Зайырова Диана Зайыровна
Адис Байсенов Санжар Тилекович
Адис Кубанычбеков Нурбек Кубанычбекович
Адис Абдумаликов Аскар Абдумаликович
Адис Тиллаев Байыш Эркинбекович

Талас районунун 23 калктуу конуштарынын башкы пландары иштелип чыкты

Талас районунун райондук администрациясынын демилгеси менен Талас районунун калктуу конуштарынын Башкы пландарын иштеп чыгууга сынак жарыяланган, сынактын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо Институту женүүчү болуп жарыяланган.

2017-2018-жылдырдын аралыгында №2 Өнөркананын жетекчиси Төлөбаев Калыстын жетекчилиги астында Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо Институту тарабынан 23 калктуу конуштардын Башкы планы иштелип чыккан(Орто-Арык, Таш-Арык, Ак-Жар, Арал, Козучак, Кум-Арык, Арашан, Жон-Арык, Кок-Токой, Ак-Коргон, Талды-Булак, Кара-Суу, Чат-Базар, Манас, Кок-Кашат, Кызыл-Туу, Копуро-Базар, Уч-Эмчек, Чыйырчык, Бал-Бал, Калба, А.Огонбаева, Кок-Ой) жана тапшырык берүүчүгө бекитүүгө берилген.

Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жыл-Аймактарды өнүктүрүү жылы” Жарлыгына туш келгендиктен, ушул жылдын июль айынын аягында Талас райондук администрациясы №2 Өнөркананын кызматкерлерин Талас районунун шаар куруу тармагына кошкон чоң салымы үчүн Ардак грамота менен сыйлаган.

Айыл калктуу конуштарынын башкы пландарын долбоорлоо боюнча аткарлган иштердин тизмеси

Объектилердин аталышы

  • -Баткен шаарынын Башкы планына оңдоолорду киргизүү, Башкы план жөнүндө келишимге кол коюлган эмес (ДЖГС), таяныч план боюнча келишимге кол коюлган (Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык жеке менчик башкармалыгы)
  • -Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылынын башкы планы
  • — Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн Шалта айылынын башкы планы

I-этап (жайгаштыруу системасында калктуу конуштун жайгашуу схемасы, баштапкы маалыматтарды чогултуу, пландаштырылган чектөөлөр менен таяныч план- 2017-ж.)

II – этап (негизги чийме, транспорт системасы -2018-жыл)

  • Жалпы аянты 21 га, Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн Жангарач айылынын деталдык пландоонун долбоору менен башкы планы

I-этап (Жангарач айылынын башкы планы — 2017 -жыл)

II – этап (аянты 21 га деталдык пландоонун долбоору- 2018- жыл)

  • Жалпы аянты 83 га, Жайыл районунун Талды-Булак айыл өкмөтүнүн Кайырма айылынын деталдык пландоонун долбоору менен айкалыштырылган башкы планы;
  • Жалпы аянты 109,7 га, Сокулук районунун Төмонкү-Чүй айылынын деталдык пландоонун долбоору менен биргеликте башкы планы;

I-этап (жайгаштыруу системасында калктуу конуштун жайгашуу схемасы, баштапкы маалыматтарды чогултуу, пландаштырылган чектөөлөр менен таяныч план- 2017- жыл); негизги чийме, транспорт схемасы – 2018-жыл;

II — этап (янты 109,7 га жер тилкесине деталдык пландоонун долбоору – 2018-жыл)

  • Сокулук районунун Гавриловка айылынын башкы планы;
  • Жалпы аянты 140 га, Аламүдүн айыл аймагынын айылдарынын жер тилкелерине деталдык пландоонун долбоору менен биргеликте пландоонун схемасы жана аянты 75 га Бишкек-Алматы автожолунун жээги (архитектуралык-пландоо бөлүгү);
  • Аламүдун районуну Васильевка айыл аймагынын Васильевка айылынын башкы планына аянты 2,0 га жер тилкесинин деталдык пландоонун долборуу менен өзгөртүүлөрдү киргизүү;
  • Аламүдүн районунун Васильевка айыл аймагынын Виноградное айылынын пландоо схемасына ондоолорду киргизүү;
  • Нарын районунун Оттук айылынын башкы планын аянты 25 га жер тилкесинин деталдык пландоонун долбоору менен иштеп чыгуу;
  • Москва районунун Садовое айылынын башкы планында колхозчулар сарайынын имаратынын түштук жагында жайгашкан аянты 2 га жер тилкесин спорт-ден соолукту чыңдоочу мекеме категориясынан социалдык турак жай категориясына өзгөртүү үчүн шаар куруу тыянагын берүү.